Биз менен байланышыңыз

Президент баштаган кеңеш мигранттардан инвестор издейт

Коом | 22 Ноя 2018 | 1267 | 0

Президентке караштуу чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түзүлдү. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жарлыкта айтылгандай, соңку жылдары чет өлкөдө иштеген мекендештердин саны өсүп жатат, алар Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго инвестиция салууга кызыкnар. 

Кеңеш мигранттарды колдоо көрсөтүп, алардын инвестиция салуусуна көмөктөшөт. Бул органды президенттин аппараты көзөмөлдөйт. Анын төрагасы болуп президент Сооронбай Жээнбеков эсептелет.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун кеңешти түзүү боюнча кол койгон жарлыкта төмөндөгүлөр жазылган:

Соңку жылдары чет өлкөдө иштеген биздин мекендештердин саны өсүп жатат, алар Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго инвестиция салууга кызыктар. Мамлекет мындай демилгелерди ар тараптуу колдойт жана Кыргызстандын экономикасына акча салууну каалагандарга бардык зарыл шарттарды түзүп берет. Өлкөдө жаңы өндүрүштөрдү жана ишканаларды түзүү үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү жана колдонуу максатында өндүрүштүн келечектүү чөйрөлөрүнө мекендештерибизден инвестицияларды тартууга дем берген тиешелүү финансылык механизмдерди иштеп чыгуу керек жана зарыл инфраструктура болууга тийиш.

Кеңеш өлкөнү өнүктүрүү үчүн мамлекет менен чет өлкөдө жашаган мекендештердин ортосундагы конструктивдүү өз ара мамилени түзүүгө, диаспоралардын потенциалын бириктирүүгө көпүрө болуп бермекчи.

Ал эми орун басарлары болуп вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев дайындалган. Ошондой эле курамына депутат, министрлер жана чет өлкөдөгү кыргыз биримдиктеринин өкүлдөрү да кирген.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, кеңеш сыртта жүргөн мекендештер менен байланышты бекемдейт.

-Мурда өкмөттүн астында сыртта иштеп жүргөн мекендештердин маселесин караган координациялык кеңеш бар болчу. Эми анын макамын бийик кылдык. Быйыл Ысык-Көлдө мекендештер форуму өткөндө, президент аталган маселени өзүмдүн кароомо алам деп айткан. Бүгүн тиешелүү жарлыкка кол коюлду. Мында ар бир мамлекеттик орган мекендештер менен иштөө тартиби, кандай маселелерди камтуу керек, алардын механизмдери кеңеште каралат.

Буга чейин мекендештерди чогултуп көйгөйлөрүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду форумда төрт жылдан бери талкуулап келет.  Бул маселеге өлкө башчы да көңүл буруп, жарлыктын негизинде түзүлгөн кеңеш туруктуу иштеген институт боло аларын аталган фонддун аткаруучу директору Догдургул Кендирбаев белгиледи.

-Миңдеген мекендештерибиздин үнүн, алардын Кыргызстандын өнүгүүсүнө сала турган кубатын эске алуу менен биринчи жолу президент өз көмөлүнө алды. Муну менен сөздөн ишке өттү десек болот. Бул сыртта жашап, элдин өнүгүүсүнө каражат салып жаткан мекендештер үчүн жаңы жыл алдында ийгиликтүү ишмердүүлүк болуп эсептелет.

Курамга киргендердин бири «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов аталган кеңешти түзүүгө убакыт келгенин белгиледи. Буга эмгек мигранттарынын укуктарына байланыштуу көйгөйлөрү жана экономикага тийгизген таасири себеп болгон.

-Өнүккөн өлкөлөрдө кайсы бир тармак экономиканы кармай турган болсо, ал жакка көп көңүл бурулат. Биздин мигранттар ички дүң өндүрүмдүн үчтөн бир бөлүгүн камсыз кылып келет. Ушуга байланыштуу президенттин демилгеси жакшы болду. Жакынкы күндөрү чогулууга чакыруу кылат болсо керек деп ойлоймун. Анан күн тартиби бекитилип, алдыга программалар иштелип чыгат. Кеңешменин жүргүзгөн багыттары кеңири.

Малайзиядагы кыргыз диаспорасынын лидери Айгүл Акималиева өлкө башчы тарабынан миграттарга колдоо болуп жатканын жогору белгилеп, кеңешмеде сыртта жүргөн кыргыз кыздарынын укуктарын көтөрүп чыгарын айтты.

-Биздин келечегибизде көптөгөн нерселерди кылса болот экен деген ойдо, пикирде калдык. Мекендештер кеңеши бизге абдан керек. Мигранттар ой-пикирин кимге айтат? Буга чейин Роза Отунбаевага айтып келдик. Бирок ал кишиге чоң иш болуп кетет экен. Диаспоралар мигранттарга колдон келген жардамын берип келет, бирок жеткиликтүү эмес.

Белгилей кетсек, расмий маалымат боюнча четте жүргөн мигранттардын саны 800 миңге жетет. Орусияда -600 миңден ашык, Казакстанда — 30 миң болсо, Түштүк Кореяда — 14 миң, Түркияда — 30 миң, калган мамлекеттерде 20 миң мекендешибиз эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM