Биз менен байланышыңыз

Кийинки жылды экология жылы деп жарыялоо сунушталды

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 790 | 0

Президентке келерки жылды «Экология жылы» катары жарыялоо сунушун бергим келет. Мындай сунушту депутат Рада Туманбаева Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаратылыштын кайталангыс кооздугун, курчап турган чөйрөнүн тазалыгын сактоо азыркы ааламдашуу заманында өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Ошондуктан, Кыргызстан да экологияга аяр мамиле кылуусу керек.

-Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланган 2018-жыл аянтап барат. Ошондон улам, Кыргыз Республикасынын Президентине келерки жылды Экология жылы катары жарыялоо сунушун бергим келет. Анткени, экология жаатында чечиле турган көйгөйлөр көп.

Эл аралык уюмдардын маалыматында, дүйнө жүзүндө экология маселеси абдан курч турат. Кыргызстанда да бул көйгөй жок эмес. Алсак, абанын глобалдуу жылышына байланыштуу мөӊгүлөр эрип жатат. Ошондой эле жашылдандыруу маселеси, таштандыларды иштетүү, абанын булгануусу сыяктуу маселелерди санап келсек толтура чыгат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM