Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев өкмөттүн Кумтөр менен сүйлөшүүлөрүнө кызыкты

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 520 | 0

Премьер-министр «Кумтөр» менен кандай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жөнүндө маалымат бербей жатат.  Мындай пикирди депутат Бакыт Төрөбаев парламент жыйынында ар кандай маселелер каралып жатканда айтты.

Төрөбаев  «Кумтөрдөн» түшкөн каражатка атайын фонд түзүүнү сунуштады.

-Биз ачык коомдо жашап жатабыз. Ар бир экономикалык, экологиялык, саясий окуяларды эл менен кошо талкуулап жатабыз. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өткөндө «Кумтөр» менен сүйлөшүп жатабыз деген. Бирок кандай сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан эмес. «Кумтөрдөн» Ысык-Көл фондунан сырткары эч кандай пайда көрө албадык. Жаңы келишимге ылайык, киреше алып келип, жумуш ордун түзө турган аймактарды өнүктүрүүчү фонд түзүлсө жакшы болмок. Бул фонд кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна альтернативда болмок.

Белгилей кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2026-жылы алтын өндүрчү “Кумтөр” ишканасы жабыла турганын айткан.  Анткени эл аралык эксперттер мына ушундай тыянакка келишкен.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM