Биз менен байланышыңыз

«Мегакомдун» жетекчиси канча айлык аларын айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Ноя 2018 | 1858 | 1

“Мегаком” компаниясы акыркы 5 жылда мамлекетке дивидент катары 15 млрд сом төлөгөн. Бул тууралуу аталган компаниянын директору Акылбек Жамангулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишкана жыл сайын 2 млрд сомго чейин салык төлөп келет. Мындан сырткары кайрымдуулук акцияларын уюштурат.

Жамангулов, мамлекетке ушундай чоң киреше алып келген компанияны сатыкка коюу чоң жаңылыштык болорун айтат.

Маалыматка ылайык, буга чейин «Мегакомдун» жетекчиси 12 миң доллар маяна алып келген. Мамлекеттик мүлк  фондунун чечими менен директордун айлык акысы кыскартылган. Учурда Жамангулов 200 миң сом айлык алат.

«Кыргызстанда мамлекет чарбалык ишти аткара албайт деген көрүнүш калыптанып калган. Бирок мурунку тенденцияны карасак мамлекеттин мекемелери үлгүлүү болуп келген», — дейт Жамангулов.

Акылбек Жамангулов «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун башкы директору болуп 24-октябрда дайындалган.

“Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун мурдагы башкы директору Азат Базаркулов арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Акылбек Жамангулов парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты болгон.

1 пикир

1 пикир

  1. Ырыс

    24.11.2018 03:35

    Пенсионер 4000сом менен жашайт деп чектединер .ал эми 200жуз айлык менен курсагы жарылбайбы бул атка минердин ,байкуш карылардыкын жок дегенде 10000 сом кылсанар боло кудайдан коркуп,калыстык кылып анда депутаттар бир ай 4000сом менен жашап корбойсунорбу 120 депутат элдик киши соройлор,

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM