Биз менен байланышыңыз

Жээнчороев: Парламент прокурордун өлүмү боюнча комиссия түзөт

Күн чекит | 19 Ноя 2018 | 1019 | 0

17-ноябрда Баткен облустук прокуроруна кол салуу болуп, кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Андан башка прокуратуранын алты кызматкери сурак берүүдө. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаты, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин мүчөсү Мирлан Жээнчороевке суроо узаттык.

Марал: Баткен облустук прокуроруна кол салуу күч түзүмдөрүнүн ичиндеги тартипсиздик, башаламандыктан кабар бербейби?

Жээнчороев: Биринчиден абдан кайгылуу окуя болду. Эми Башкы прокуратура бардык укук коргоо органдары менен биргеликте иликтөө иштерин тыкыр алып барышы керек. Баткен облустук прокуратуранын бардык кызматкерлерин четтетип, ишти мекеменин ичинен изилдөө керек. Анткени көпчүлүк кызматкерлер кылмыш болгон күнү ошол жерде болушкан.

Марал: Кылмыш иши аягына чыгабы? «Бармак басты, көз кысты болуп бүтүп кетпейби»?

Жээнчороев: Аягына чыгарыш керек. Ал үчүн биз дагы парламентте көтөрүп, Жогорку Кенеште атайын комиссия түзүп ишти иликтөөгө алабыз. Мекемедеги кызматтык жана тартип маселелерин кароо зарыл болууда. Мындай башаламандыкка эмне себеп болду? Күч түзүмдөрүндө системалуу кризис барбы? Бул суроолор каралып, такталышы керек.

Марал: Серепчилер окуянын бир нече себебин божомолдошууда. Арасында бийлик же бизнес талаш болуусу ыктымал деген жоромолдор да бар. Сиздин версияңыз барбы? Эмне себеп болушу мумкүн?

Жээнчороев: Жок, менин версиям жок. Ыктымалдардын баары соттук иликтөөдө териштирилип, такталышы керек.

Марал: Буга чейин Ош облустук прокурорунун орун басары өз өмүрүнө кол салды делип, набыт болгон. Буларды эске алганда көзөмөл органында системалык кризис бар экенин айтууга болобу?

Жээнчороев: Ар бир кылмыштын өзүнүн өзгөчө себеби болот. Эгер ал системалык болсо, анда бул боюнча атайын топ түзүлүп, иликтенип чыгуусу керек. Дал ушул маселени кароо үчүн, менимче Жогорку Кеңеште комиссия иш алып барып, бул өзүнчө кылмышпы же атайын системалуу ишпи аныктоо керек.

Марал: Жакында эле Баткен шаарында жергиликтүү кеңештин депутатына кол салуу болуп, ал ооруканада набыт болгон эле. Акыркы кездеги окуяларды бийликке кол салуу же сестентүү катары бааласак болобу?

Жээнчороев: Жок. Мындай бүтүм чыгаруу үчүн соттук иликтөө иштеринде бир белгилери аныкталышы шарт. Квалификация коюу туурабы, жокпу билбейм, бирок алгач материалдарды тыкыр карап чыгуу зарыл. Алдын-ала маалыматтарда айтылгандай кылмыш жумуш ордунда эмес, эс алуу учурунда болгон үчүн бир аз башкача нукта каралышы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM