Биз менен байланышыңыз

Прокурордун өлүмү көп маселенин башын ачыкташы мүмкүн

Коом | 19 Ноя 2018 | 578 | 0

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча кармлаган шектүүгө “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө башталды. Ошондой эле прокуратуранын алты кызматкери сурак берүүдө.

Киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнүн чоо-жайын билүү үчүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен облусуна барып жабык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга Баткен, Кадамжай, Лейлек районунун, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынын прокурорлору жана Башкы прокуратуранын башкармалыгынын өкүлдөрү катышкан.

Жыйында кандай маселелер талкууланганы азырынча белгисиз, расмий маалымат бериле элек. Бирок алдын ала айтылгандай, жыйын облустагы прокурордун өлүмүнө байланыштуу болду. 

Прокурордун өлүмүнө шектүү деп айтылып жаткан жаран менен маркумдун ортосунда пикир келишпестик болгон. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова кабарлады. Анын айтымында, факты боюнча дагы бир кылмыш иши козголуп, шектүү катары кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков камакка алынды.

Буга чейин ага Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголсо, учурда 281-берененин 5-бөлүгү менен иш козголуп, окуянын толук чоо-жайы иликтенүүдө.

Прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:30да шаардын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

Мындан тышкары Мамажакыповдун өлүмү боюнча прокуратуранын алты кызматкери сурак берди. Аталган кызматкерлер окуя болгон күнү Мамажакыпов менен бирге тоого аң уулаганы чыгышкан.

Шектүү катары кармалган Калыковдун жакындары анын кылмыш кылганына ишенишпейт. Апасы Гүлбара Абдрашитованын айтымында, Калыковду прокурор «аңчылык уюштуруп бер» деп алып кеткен.

Эс алууга прокуратуранын жети кызматкери туруп, жетекчисинин ушундай мас абалында уулубуздун автоунаасына салып беришкени жоопкерсиздик. Мыйзам сактап, мас айдоочуга салып бербей, кер-мур айтышканда эле кармашы керек болчу же коштоп алып келиши керек эле.

Облус прокурордун жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6да Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычына жакын жерде жолдун боюнан табылган. Ал баш сөөгүнүн бир нече жеринен жаракат алгандан улам көз жумганын кабарлаган. Шектүү кармалган учурда мас абалында болгону кабарланган.

Бул Баткен облусунда бийлик өкүлүнө кол салуу биринчи жолу катталган факты эмес. Ушул эле айда Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду артынан 5-ноябрдан 6-ноябрга өткөн түнү белгисиз адам атып, качып кеткен. Окуядан 10 күн өткөн соң Баянов ооруканада каза болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин пикиринде, бийлик өкүлүнө кол салуу өлкөдөгү социалдык идеологиянын начарлашынан кабар берет. Ошону менен бирге укук коргоо органдарын радикалдык реформалоо учуру келип калды.

-Кыргызстанда мамлекеттик кызматта же укук коргоо органдарында кадрдык маселелерде чоң кемчиликтер кетип жатканын көрсөттү. Бул тартиптин,  башкаруунун төмөн түшүп кеткенинен кабар берет. 

Коопсуздук жаатындагы эксперт Марат Иманкулов прокурордун өлүмү көп маселелердин башын ачат дейт. Анын пикиринде, мамлекеттик тартипти орнотууга көңүл буруу керек.

-Жөн жерден кол салуу болбойт. Балким жетекчиден бирөө бир жумушту бүтүрүп берүүсүн суранган же аны жумуштан алуусун каалаган. Мында кызыктар болгон кишилер көп болот. Баткен чек арага жакын болгондуктан ага байланыштуу  коңшу мамлекеттин кылмыштуу топторунун кызыкчылыктары болушу мүмкүн. Булардын да чети ачылыш мүмкүн. Ошону үчүн жакшылап тергөө жүргүзүп, иликтеп, кырдаалды колго алыш керек. Андай кылбаса ушундай жол менен адам өлтүрүү күчөп кетет. 

Айта кетсек, Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон.

Прокурордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөрү айтылды.

Маркумдун сөөгү бүгүн кичи мекени Чоң-Алайда жерге берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM