Биз менен байланышыңыз

Соцфонд саясатын өзгөртпөсө кризиске кептелет

Экономика | 19 Ноя 2018 | 1255 | 0

Социалдык фонддун саясаты өзгөртүлбөсө, эки-үч жылда кризис башталат. Мындай пикирди аталган мекеменин төрагасы Медер Ирсалиев Жогорку Кеңеште тармактык комитеттин отурумунда билдирди. 

Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитетинде Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралды.

2019-жылга Социалдык фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 54 млрд сом көлөмүндө түзүлгөн. Бул  эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталган. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшүн 33 млрд сомго жеткирүү пландалганы белгилүү болду.

Бирок социалдык фонддун саясаты ушул эле темпте кете берсе, 2 жылдан кийин кризис башталарын фонддун төрагасы Медер Ирсалиев комитет жыйынында билдирди. Ал учурда пенсионерлердин саны жогорку темпте өсүп жатканын кошумчалайт.

-Пенсионерлердин саны тынбай өсүп жатат. Майыптардын саны да тез өсүүдө. Жылдан-жылга ушинтип кете берсе, биз да бүгүнкү саясатыбыз менен кете турган болсок, 2-3 жыл гана каражат бере алабыз. Кийин кризис башталат.

Быйыл өлкөдө ө 45 миңдей жаран пенсияга чыккан. Жалпысынан республикада 648 миң пенсия алуучу жаран бар. Ал эми соцфонд төлөп иштеген 604 миң жумушчу бар. Демек бир пенсионерди бир жумушчу багып жатат дегенди түшүндүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов аталган фондду пенсиялык системага реформа жасоого чакырды.

-Пенсияны көтөрүп жатканда фонд чектөөлөрдү коюшу керек. Мисалы 40, 50, 60 миң пенсия алгандардын суммасын көтөрбөй эле койсо, алар туура түшүнсө керек. Саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагында иштеген пенсиянерлердин суммасын көбөйтсөңөр. Муну коомчулук дагы туура түшүнөт.

Дүйнөлүк эмгек уюмунун көрсөткүчү боюнча, бир пенсионерди үч-төрт иштеген киши каржылаганда гана толук кандуу камсыздалган коом деп эсептелет. Учурда пенсиянын орточо өлчөмү 5000 сомго жетет. Он жыл мурда бул көрсөткүч 800 сом болчу. Ошентсе да, азыркы орточо пенсиянын өлчөмү жашоо минимумунун өлчөмүнө жетпейт.

Эл өкүлү Мурадыл Мадеминов пенсиялык системага 6 жылдан бери фонд реформа жасай албай келгенин сындады.  Ал камсыздандыруу төмүдөрүн банктарга өткөрүп берсе, пайызы жогоруламак деген оюн айтты.

-Аз пенсия алгандардын турмуш жолун элестетип көргүлө. Убагында улуулар эрте менен 6 заводго кетип, кечинде сегизге үйүнө кайтышкан. Бүгүнкү күндө алардын пенсиясы 5300 сом. Ушул каражатка жашагыла деп жатасыңар. Анда 6 жылда реформа жасай албаган фонддун эмне кереги бар?

Ошол эле учурда адисттер пенсия калыс чегерилбей жатканын айтып келет. Ошондуктан топтомо каражатты даректүү берүү керектигин экономист Эркин Абдыразаков белгилейт.

-Эң негизгиси пенсия даректүү берилсе адилеттүү болот. Эч жерде иштебей жүргөндөр мамлекеттен кепилдеген акчасын ала берсин. Адамдар шаарда жашап алып, пенсия эрте чыгуу үчүн айылдан катталып коюшат. Ошентип фондду алдап, пенсия алгандар көп. Соцфонддун саясаты өзү туура эмес. 

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, пенсия кишинин иш стажына жараша эсептелет. Мындан тышкары мамлекеттик бюджеттен төлөнүүчү социалдык пенсия да бар.

Copyright © 2017 Maral FM