Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Президентке бийлик апрель айында өттү

Без рубрики , Пикирлер | 19 Ноя 2018 | 756 | 0

Бийликтин кадр маселесинде кризис жок. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго бийлик ушул жылдын апрель айында өттү. Андыктан президенттин келгенине көп убакыт өттү дегенге кошулбайм. Мындай пикирин Тышкы иштер министринин мурунку орун басары, дипломат Аскар Бешимов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жээнбековдун колуна бийлик тийген убактан тарта анын командасы түзүлө баштаган.

«Азыр түптөлүү процесси жүрүп жатат. Ал эми өкмөттүн негизги иши экономика тармагы. Бюджеттин долбоорун кабыл алды. Анда 500 млн долларга жакын дефицит болгону өкүндүрөт. Социалдык бюджет өнүгүүгө алып келбейт. Башкача айтканда, айлыктарды көтөрүү менен экономика өспөйт«, — дейт Бешимов.

Ал буга кошумча, мыйзам менен баарын аныктап койгонго болбой турганын, жарандык коом өсүп, көзөмөл болуп талаптарды коюп жатканын айтат.

«Жарандык коомдун күчү адилеттүүлүктү алып келет. Кемчиликсиз эч кандай прогресс болбойт«, — дейт Бешимов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM