Биз менен байланышыңыз

Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзам долбоору каралат

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 501 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Социалдык фонддун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзам долбоору каралат.

Ага Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев, өкмөткө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев, Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакунов катышат.

Өткөн жумада парламент жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев пенсияны көбөйтүү максатында 2019-жылы 660 млн сом бөлүү каралып жатканын кабарлаган.

Пенсияны көбөйтүүгө 2017-жылы 973 млн сом, ал эми 2018-жылы 754 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM