Биз менен байланышыңыз

Молдакматов: Фонддун акчасын эки адамдан сураш керек

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 1635 | 0

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов фейсбуктагы өзүнүн баракчасына президент Сооронбай Жээнбековдун штабы шайлоо учурунда коротулган делинген каражаттын тизмесин чыгарган. Андагы маалыматтарды ошол кезде штабда иштегендер жалган деп сыпатташууда. Алардын бири шайлоо учурунда Жээнбеков менен бирге жүргөн «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов буларга токтолду:

-Шайлоо өнөктүгүнө токтоло кетсем, Замандаш партиясы 2017-жылдын 22-июлунда расмий кеңешменин отурумунда бирдиктүү талапкер катары Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырган.  26-июлда талапкерди колдоо боюнча коомчулукка расмий жарыялаганбыз. Мен талапкердин ишенимдүү адамы болгонум чын, муну тана  албаймын. Ал эми каражат кайда, кимге берилгени жана уурдалганы боюнча эки адамдан сураш керек. Бирөөсү абактагы Икрамжан Илмиянов, экинчиси штаб жетекчиси Фарид Ниязов.  

Эске салсак, 15-ноябрь күнү 2017-жылдагы шайлоодо президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө 1 миллиард 170 миллион сом жана 7 миллион долларга чукул каражат жумшалганы жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM