Биз менен байланышыңыз

Тиллаев: Кызматкерлер же пенсия же айлык алышсын

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 580 | 0

«Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев Кыргызстан пенсионерлердин өлкөсүнө айланып бара жатканын, пенсияга 50 млрд сом бөлүнөрүн айтты. Ошол себептен бул багытта реформа жасалышы зарылдыгын белгилейт.

Мисалы, укук коргоо органдары жана башка органдардын көпчүлүгү 30-35 жашында пенсияга чыгып, кайра иштеп пенсия да айлык да алып жатат. Пенсия курагындагы укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин тажрыйбасы сөзсүз керек. Бирок айлык алып жаткан кезде пенсияны токтотуп туруу керек да ” – дейт депутат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, тең салмакталган пенсия системасын иштеп чыгуу керектигин, Социалдык фондко келген жетекчи бул маселени аягына чыгараарына ишендирди. Ошондой эле 65 жашка чейин мамлекеттик кызматта иштөөгө мыйзам жол бере турганын кошумчалады.

Өкмөт башчынын айтымында, айрым өлкөлөрдө иштеген пенсионерлер пенсиянын базалык бөлүгүн алышпайт. Кыргызстанда ал 1780 сомду түзөт.

Ал эми Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында,  өлкөдө жалпы 648 миң пенсионер бар. Анын ичинде 40 миңден ашыгы иштейт. Анын 90 пайызы мамлекеттик мекемелерде эмгектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM