Биз менен байланышыңыз

Атамбаев президенттик шайлоо боюнча суроолорго жооп берет

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 1173 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда президенттик шайлоо жана каржылоо маселеси боюнча суроолорго жооп берет. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдиргендей, интернетте тарап жаткан документ каралып жатат.

Көрсөтүлгөн сумма боюнча эч нерсе айта албайбыз, бирок расмий иш-чаралар менен адамдардын аты-жөнү реалдуу. Ошо кезде Жээнбековдун штабын жетектеп турган Фарид Ниязов да түшүндүрмө берди. Алмазбек Атамбаев да «Апрель» телеканалында эфирде суроолорго жооп берет”, — дейт Жолдубаева.

Эске салсак, 15-ноябрь күнү 2017-жылдагы шайлоодо президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө 1 миллиард 170 миллион сом жана 7 миллион долларга чукул каражат жумшалганы жарыяланган.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM