Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин: Кыргыз-кытай мамилесин жогору баалайм

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 578 | 0

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Ал Жээнбековдун ушул жылдын июнь айында Кытайга жасаган биринчи мамлекеттик визити ийгиликтүү болгонун белгилеп, жыйынты жемиштүү болгонун айтты.

-Биз «Бир алкак, бир жолду» биргелешип куруу жана баардык тармактарда кызматташууну бекемдөө боюнча кеңири пикир алмаштык. Маанилүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын жаңы барагы ачылды. Мен кыргыз-кытай мамилесин өнүктүрүүгө көп көңүл бөлөм жана биздин ортобуздагы орногон иштиктүү жагымдуу мамилени баалайм.

Си Цзиньпин ошондой эле кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүк мамилесин өнүктүрүү үчүн биргеликте күч-аракет жумшоого даяр экенин билдирет.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM