Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 840 | 0

Бүгүн, 16-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Мирзиёев Жээнбековду 60 жаш мааракеси менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтты.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мирзиёев буга чейин Жээнбековдун дарегине куттуктоо телеграммасын жөнөткөн.

«Саясий эрк жана практикалык кадамдардан улам, өзбек-кыргыз достук, коңшулаштык, өз ара пайдалуу кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелери тез өнүгүп баратат. Борбордук Азиянын аймагындагы коопсуздук жана туруктуулуктун, кызыкчылыктарында биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн Өзбекстан менен Кыргызстандын көп пландуу мамилелеринин мындан аркы бекемделишине ишенем«, — деп белгилеген Мирзиёев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM