Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев костюмун атамекендик тигүүчүлөрдөн алат

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 838 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин костюму атамекендик тигүүчүлөрдүн колунан тигилген. Бул тууралуу ал тигүүчүлүк тармагы талкууланып жаткан жыйында айтты.

Ал премьер болгонго чейин башка маркалардан кийинчү. Азыр атамекендик, арзан баадагы, сапаттуу тигилген костюмдарды кийет.

Башка өлкөнүн аткаминерлери да жергиликтүү тигүүчүлөрдүн продукциясын алышат экен. Мен да азыр иш сапарларына барганда өзүбүздүн тигүүчүлөрдүн продукциясын жарнамалайм.

Кыргызстандын тигүүчүлүк продукциясынын эң көп көлөмдөгү экспорту 2012-жылы жасалып, ал 156млн долларды түзгөн. 2013-2015-жылдардагы өндүрүштүн азайышы 31,7%га жеткен. 2012-жылга салыштырмалуу 2015-жылдагы экспорт 38,4%га азайган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM