Биз менен байланышыңыз

Карамушкина менен Иса Өмүркулов айтыша кетишти

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 810 | 0

Бүгүн, 16-ноябрда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Ирина Карамушкина менен Иса Өмүркулов айтыша кетишти.

Себеби Карамушкина КСДПнын саясий кеңешинин Өмүркулов тууралуу чечимин кароону сунуштады. Өмүркулов партиянын чечими толугу менен келгенде гана бул маселе карала турганын айтты.

«Мен бул тууралуу партияга кат жөнөткөм. Партиянын жыйынына кимдер катышканы тууралуу суроо-талаптарыма жооп келиши керек», — деди Өмүркулов.

Ал эми Карамушкина Иса Өмүркулов партиядан чыгарылгандан кийин бүгүнкү фракция жыйынын алып барышы да легитимсиз экенин айтты.

Бирок фракция мүчөлөрү Карамушкинанын демилгесин колдошкон жок, ал жыйындан чыгып кетти.

31-октябрда Иса Өмүркулов Кыргызстан социал-демократтар партиясынын курамынан чыгарылды. Ал партиянын уставына, максатына каршы келген аракети үчүн чыгарылган. Ошондой эле аны парламенттеги КСДП фракциясынан да чыгаруу сунушталган.

Иса Өмүркуловдун «КСДП Атамбаевсиз» урааны алдында аймактарды кыдырып жүргөн активисттер менен жолукканын активисттердин бири Сагынбек Абдрахманов билдирген. Анын бул аракети талкуу жараткан.

Ал эми КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева, партиянын айланасында дайыма чыккынчылар менен душмандар болуп келгенин айтып, партияны бөлүштүрүүгө кызыкдар адамдардын  колунан эч нерсе келбей турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM