Биз менен байланышыңыз

Президент: Өзбекстан менен болгон көйгөйлөрүбүз чечилди

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 734 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга иш сапар менен келген Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нуриджон Исмоилов менен жолугушту. Анда президент кыргыз-өзбек мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттык жаңы деңгээлине чыккандыгын белгиледи.

Саясий эрк көрсөтүп, кыргыз-өзбек кызматташуусун жемиштүү өнүгүшүндө практикалык кадамдарды жасаган Өзбекстандын президенти Шавкат  Мирзиёевдин аркасы менен мамилелерибиз сапаттык жаңы деңгээлге чыкты. Баардык маселелер мен Өзбекстанга расмий визитимдин учурунда чечилди. Биз муну жогору баалайбыз.

Президент мындан тышкары жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын кеңири майрамдаганы үчүн Өзбекстандын жетекчилигине жана жалпы элине ыраазычылык билдирди.

Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Мирзиёевдун Сооронбай Жээнбековдун 60 жылдыгына байланыштуу каалоолорун жана жылуу куттуктоолорун  жеткирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM