Биз менен байланышыңыз

Журналисттик иликтөөлөр фонду грант алууга сынак жарыялады

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 589 | 0

Иликтөөчү журналисттер, медиа тармагында иш алып барган уюмдар, фрилансерлер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер жана башка кызыктар адамдар Журналисттик иликтөөлөр фондунан чакан грант алууга өтүнмө бере алышат.

Гранттардын максаты – Кыргызстанда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, иликтөө жүргүзгөндөргө каржылык, адистик жардам көрсөтүү болуп эсептелет.

Гранттын өлчөмү – 70 миң сом. Анын эсебинен транспорт чыгымы, жабдыктардын ижарасы, документтерди чогултуудагы чыгымдар жабылат. Каражаттын жарымы өтүнмө канааттандырылганда төлөнөт, калганы – иликтөө аяктаганда.

Өтүнмөлөр кыргыз же орус тилинде кабыл алынат. Анда иликтөөнүн темасы, иликтөө жүргүзүүнүн жолдору көрсөтүлүп, долбоордун бюджети берилиши керек. Иликтөөлөр ар башка форматта болушу мүмкүн (ТВ, радио, он-лайн, басма).

Өтүнмөлөр 2018-жылдын 25-ноябрына чейин grant@jif.kg дарегине жиберилиши керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM