Биз менен байланышыңыз

Бишкекте айдоочулардын 70% кышка даярдык көргөн эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2018 | 739 | 0

Үч күндүн ичинде Бишкектин көчөлөрүнө 1 миң тоннадан ашык кум, 117 миң тонна туз себилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кум менен туз шаардын борбордук жана көмүскө көчөлөрүнө себилген.

Алмамбетова жол тазалаган кызматкерлер жолдордогу барьерлерди кол менен тазалап чыкканын айтат. Ал кар жааган маалда жол тыгындар ири шаарларда да болорун белгиледи.

«Мектептин жанында унаанын ылдамдыгын айзайтуучу жол тостосмолор үчүн кошумча туз төктүрүп койдук. Дагы кар жаап калса дароо колдонушат.  Ошондой эле шаарда айдоочулардын 70% кышка даярдык көргөн эмес. Тургундар унаасын каалаган жерге токтотуп кетип калат. Мындан улам борбордук көчөдөн сээп келе жатканда унаага тоскоолдук жаралууда. Көчөнүн ортосуна гана туз себилип, жети калып калууда», — дейт Алмамбетова.

Copyright © 2017 Maral FM