Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгы талкууланды

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 475 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттук Уюмунун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча менен жолугушту.

Анда Кыргызстандын БУУ менен болгон кызматташтыгы талкууланды. Жээнбеков коомчулукту бириктирүү жана этникалар аралык мамилелерди бекемдөө, аймактарды өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүү, 2018-2040-жылдарга  карата Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан жумуштар тууралуу айтып берди.

2019-жылдын жаз айларында Кыргызстанда Донорлор конференциясы өтөөрүн жана анда БУУнун жогорку өкүлү катышаарына ишенимин  билдирди.

Мирослав Енча БУУнун башкы катчысы Антониу Гутеррештин жылуу саламын айтып, Кыргызстан жана БУУнун ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM