Биз менен байланышыңыз

Жолдошова: Мамлекет башчы оор күндөрдү көрүп курчуду

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 769 | 0

Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 60 жашка толду. Бул күнгө карата өлкө башчынын башка мамлекеттин президенттеринен куттуктоолор келе баштайт.

Ал эми Кыргызстандагы аткаминерлер да Жээнбековдун өздүк майрамына карата куттуктоо сөзүн билдиришти.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Жылдызкан Жолдошова өлкө башчысы жетекчилик кызматтарда оор учурларды башынан өткөргөнүн белгилеп,  эл ишенимине кирип, президенттик кызматка олтурду деди.

-Урматтуу Сооронбай Шарипович, бүгүнкү туулган күнүңүз менен чын дилимден куттуктаймын! 2010-жыл кыргыз эли үчүн оор жыл болду. Апрель, июнь окуясы учурунда сиз Ош облусунун губернатору болуп турдуңуз. Сиз Мелис Мырзакматов менен биргеликте ошондой аппааттуу күндөрдү башыңыздан өткөрдүңүз. Эч сыңбадыңар, канчалык кыйынчылык болбосун эл менен оор жоготууларды көтөрө алды. Ушундай өкүнүчтүү күндөрдү өткөрүп, эл ишенимине кирип, президенттикке олтурдуңуз.

Айта кетсек, Сооронбай Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Ал  көп балалуу үй-бүлөдө өскөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM