Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Президентке көп реформаларды жасоосун каалаймын

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 653 | 0

Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 60 жашка толду. Бул күнгө карата өлкө башчынын башка мамлекеттин президенттеринен куттуктоолор келе баштайт.

Ал эми Кыргызстандагы аткаминерлер да Жээнбековдун өздүк майрамына карата куттуктоо сөзүн билдиришти.

Укук коргоочу Рита Карасартова Сооронбай Жээнбеков жөн жерден президент болуп калбаганын айтып, ал элге кызмат кыла турган жашка келгенин белгиледи.

-Сиз президент болуп турган кезде Кыргызстанда орчундуу маселелер боюнча реформа жүрүп кетет деп ойлоймун. Сизден күтө турган реформа бул бийлик ортосундагы тең салмактуулукту орнотуп кеткенге өбөлгө түзөт деп ойлоймун. Буга сиздин түзмө-түз мүмкүнчүлүгүңүз бар. Эгерде УКМКнын реформасын жасасаңыз тең салмактуулук кайра орнолот. Ага Баш мыйзамга деле өзгөртүүнүн деле кереги жок. Сиздин эле саясий эркиңиз болот. Ушундай орчундуу иштерди жасай турган болсоңуз биз сизди ар тараптан колдоп, ишиңиз тарыхта калат.

Айта кетсек, Сооронбай Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Ал  көп балалуу үй-бүлөдө өскөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM