Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Жээнбеков калыстык кыла турган жашка келди

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 775 | 0

Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 60 жашка толду. Бул күнгө карата өлкө башчынын башка мамлекеттин президенттеринен куттуктоолор келе баштайт.

Ал эми Кыргызстандагы аткаминерлер да Жээнбековдун өздүк майрамына карата куттуктоо сөзүн билдиришти.

Саясатчы Азимбек Бекназаров президент калыстык кыла турган жашына келип калганын белгилеп, мурунку мамлекет башчылардын жолун жолдобогонго чакырды.

-Кыргыздарда 60тан өткөндө пайгамбар жашка жетиптир деп коет. Ошондой эле калыстык кылып, аксакал болуп жаштарган жол көрсөтө турган убак. Ошондуктан президентке кааларым ден-соолук, мурунку башчылардын жолун жолдобой, элди жакшы жака алып бара турган, калк ыраазы болгон реформаларды баштасын.

Айта кетсек, Сооронбай Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Ал  көп балалуу үй-бүлөдө өскөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM