Биз менен байланышыңыз

2019-жылы ИДПнын өсүшү 4 пайыздын тегерегинде болот

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 558 | 0

2017-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 520 млрд 900 млн сомду түздү. Ал эми экономиканын өсүшү 4,6 пайызга жетти. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊеште бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 558 млрд 400 млн сомду түзсө, экономиканын өсүшү 2,8 пайыз деӊгээлинде болжолдонууда.

Ал эми бюджеттин киреше бөлүгү 142 млрд сом көлөмүндө каралды. Салыктык кирешелерди каржылык башкарууну жакшыртуу аркылуу 2 млрд 700 млн сомго көбөйтүү болжолдонууда.

Мындан тышкары, 2019-жылы өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 4 пайыздын тегерегинде боло турганы белгилүү болду. Республикалык бюджеттин 60 пайызы социалдык багытта жумшалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM