Биз менен байланышыңыз

Былтыр 3 миң компания 72 млрд сомго товар сатып алган

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 481 | 0

Былтыр 3425 мамлекеттик компания 72,8 млрд сомго товар сатып алган, анын 80 пайызы импорттук товарлар болуп саналат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊеште 2017-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, айрым сүт азыктарынын түрлөрү да чет өлкөдөн сатылып алынат. Ал эми энергокомпаниялар трансформаторлорду Өзбекстандан, Казакстандан, Беларустан сатып алууда.

Буга байланыштуу өкмөт башчы атамекендик товарларды чыгарууна тапшырды.

Биз жада калса электр эсептегичтерин да чыгара албай жатабыз. Энергокомпаниялар 10 млрд сомго электр эсептегичтерин сатып алды. Ошондон улам, товар сатып алууларга жумшалган акчанын жарымын 72,8 жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого жумшашыбыз керек. Ошондо биз бул багытта 300 млн доллардан 500 млн долларга чейин инвестиция сала алабыз. Ал үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды түп-тамырынан өзгөртүүгө тийишпиз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM