Биз менен байланышыңыз

Быйыл Кыргызстанда орточо эмгек акы 6,3% өстү

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 528 | 0

Кыргызстанда орточо эмгек акы 1-октябрга карата 15 миң 52 сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин комплекстүү иштер жана бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,3 пайызга өстү.

Айлык акынын көлөмүнүн өсүшү курулуш, байланыш, мамлекеттик башкаруу, коргоо, социалдык коргоо иштери, кыймылсыз мүлк жана илимий-техникалык ишмердүүлүк чөйрөсүндө байкалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM