Биз менен байланышыңыз

ЖЭБ чыры: күттүргөн жыйынтык, созулган тергөөлөр

Саясат | 14 Ноя 2018 | 1026 | 0

Бишкек жылуулук электр борборундагы авария жана аны жаңылоого байланыштуу кылмыш иштери аягына чыга элек. Серепчилер буга тергөөчүлөр алсыз болуп жатканын жүйө келтиришет. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга жана аны модернизациялоого Кытайдан алынган насыяны пайдаланууда коррупцияга жол берилген деп айыпталып, учурда 15тей адам камакта отурат. Алардын иши 5-6 айдан бери тергелип бүтө элек. Камактагылар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Жогорку Кеңеште бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, эл өкүлү Улан Примов комиссия чыгарган корутундунун аткарылышы боюнча ноябрь айында парламентте маалымат берилерин айтты.

-Бул маселе боюнча депутаттар күн тартибине киргизип, кандай жумуштар жүрүп жатканы боюнча маалымат угушат. Тармактык комитетке маалыматтар келип түшүптүр. Комитет карап жалпы жыйынга жиберсе, ал жерден угуп, корутундунун аткарылышына өзүбүздүн баабызды беребиз. Документте күнөөлүү же болбосо тиешеси бар делген жалпы 30га жакын адам көрсөтүлгөн.

Жылуулук борбордогу чыр боюнча «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын орун басары Нурлан Садыков, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев, анын орун басары Бердибек Боркоев, борборду жаңылоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов баштаган энергетика тармагындагы ишканалардын ошол кездеги жетекчилери айыпталууда.

Өткөн айда Айбек Калиев менен Нурлан Садыковдун айыбы расмий угузулган.

Мындан тышкары мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кармалып, Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат.

Ал арада УКМК Бишкек ЖЭБдеги авариядан улам кеткен чыгымдын суммасын аныктады. Бул тууралуу аталган көзөмөл органдын иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу төмөндөгүлөрдү айтты.

-Жылуулук борборундагы авариядан улам кеткен жалпы чыгым 89 млн 699 миң 230 сомду түзгөн. Андагы 12 млн сом авариядан кийинки калыбына келтирүү иштерине кеткен. Калган 77 млн 600 миң сом “Бишкек жылуулук тармагы” ААКынын бюджетине түшпөйт. Себеби 2018-жылдын 28-январынан 2-февралга чейин жылуулукту кайрадан эсептөө жүргөн.

Ал эми Кытайдан алынган насыя боюнча Эсептөө палатасы аудит жүргүзүп жатат. Учурда ал иштин 50 пайыздан ашыгы аяктаганын мекеменин төрагасы Улукбек Марипов “Марал” радиосуна билдирди. Ал иштин көпкө созулганын төмөндөгүчө түшүндүрдү.

-ЖЭБди модернизациялоо абдан чоң долбоор болууда. Буга байланыштуу документтер да көп. Анын үстүнө документтердин баары кытай тилинде экен. Ошондой эле модернизациялоого кеткен чыгымдар боюнча сметалар жок экен. Жабдыктар дүңүнөн сатылып алынган. Ар бир сатып алынган буюмдарды тактап чыкканга көп убакыт кетип калууда. Аудит иштери ушул жылы аяктап, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, расмий маалымат берилет.

Азыр коомчулукта ЖЭБ чырына байланыштуу иштерге чекит коюлбай жатканы боюнча түрдүү пикирлер бар. Отун-энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев борбордогу коррупциялык иштер тергөөчүлөрдүн алсыздыгынан улам аягына чыкпай жатканын белгилейт.

-Жылуулук борборун модернизациялоого жумшалган каражатка байланыштуу кылмыш иши козголгон мурунку жетекчилердин жактоочулары күчтүү болууда. Ошол эле учурда тергөөчүлөр арлардын күнөөсүн так коё албай жатышат. Мындан улам иликтөө иштери аягына чыкпай жатат.

Деген менен, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, тергөөчүлөр ЖЭБ чыры боюнча күнөөнү так коё албай жатышат.

-Искаковдун күнөөсү жок. Тергөөчүлөр айып таба албай ишти улам жылдырып жатышат. Акыркы соттук отурум 6-декабрда өтөт. Анын да жылып кетет деп ойлоп жатам.

Ал эми саясат талдоочу Марс Сариев коррупциялык иштердин иликтөөсү аягына чыкпай жатканына себеп катары башка жагдайларды атады.

Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупциялык иштердин иликтенип аягына чыкпай жатышына тышкы күчтөрдүн таасири бар. Камакка алынган мурунку жетекчилер экс-президент Алмазбек Атамбевдин кадрлары болгондуктан, бийлик алардын иши боюнча жыйынтык чыгаруудан чочулап жатат. Себеби АКШ, Кытай, Европа жана Орусия Атамбаевдин иммунитетин жок кылууга каршы. Муну Атамбаев өзү да билгендиктен, КСДП партиясынын съездин өткөрүүнү апрель айына белгилебедиби?

Эске салсак, быйыл кыш чилдеде негизги жылуулук борбор бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, айрым райондор жарыксыз калган. Ошондон кийин борборду оңдоого жумшалган 386 миллион доллар кытай насыясын пайдаланууда алешемдиктер болгону ачыкка чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM