Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 3 гезит ишин токтотту

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 531 | 0

Кыргызстандагы чыккан гезиттердин нускасы азайды. Бул тууралуу “ММКны колдоо борборунун” өкүлү Бакыт Дыйканов билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын башындан көпчүлүк басылмалар, айрыкча кыргыз тилиндеги басылмалардын нускасы азайган. Кээ бирлеринин нускасы 30 пайызга чейин азайганы байкалган. Ал эми “Тамчы” гезитинин нускасы 50 пайызга түшкөн.

Өткөн жылы 7-8 миң нуска менен чыкса, азыр 4-4,5 миң болуп калган. Менин билишимче, “Тамчы”, “Алло реклама” жана “Фабула” гезиттеринин редакторлору убактылуу ишмердигин токтотуп туруу чечимин кабыл алышкан.

“Фабула” гезитинин башкы редактору Тилек Рыскулов каржылык кыйынчылыктардан улам гезит чыкпай турганын ырастаган. Гезиттин соңку саны 18-октябрда чыккан. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго таандык болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM