Депутаттар биометрикалык паспорт калктын документке байланыштуу жашоосун жеңилдетпей жатат деп сындады.
Кыргызстандыктар биометрикалык маалыматтарын тапшыра баштаганына үч жылдын жүзү болду. Мыйзам боюнча өлкөдө 16 жаштан өйдө ар бир жаран каттоодон өтүшү керек.
Бүгүнкү күндө өкмөт «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде биринчи окууда каралды. Мыйзам долбоорунун концепциясы менен Юстиция министри Марат Жаманкулов тааныштырды.
—Мыйзам долбоору Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 14-сентябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анда субъектинин макулдугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кагаз түрүндө жазуу жүзүндө же электрондук документ формасында электрондук кол коюлган таризде берилиши керектиги белгиленген.
Мыйзам боюнча жарандардын биометрикалык маалыматтары Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагында. Комитеттин отурумунда аталган кызматтын төрайымы Алина Шаикова канча жаран биометрикалык каттоодон өткөнү тууралуу маалымат берди.
—Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына карата 3 миллион 315 миң 641 жаран биометрикалык каттоодон өттү. Ал эми канча жаран каттоодон өтө электиги тууралуу маалыматым жок.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, өлкөдө 18 жаштан жогору 3 млн 800 миң жаран бар, демек учурда 500 миңге жакын адам биометрикалык каттоодон өтө элек.
Жарандарды биометрикалык каттоо жөнүндө мыйзамда биометрикалык паспорт карапайым калктын документке байланыштуу жашоосун жеңилдетет деп белгиленген. Бул аракет өз максатына жетпегенин депутат Жыргалбек Турускулов сындады.
-Менин оюмча биометрикалык паспорт бир гана Борбордук шайлоо комиссиянын ишин гана жеңилдетти. Кайсы мекемеден болбосун жарандар маалымкат алуудан биометрикалык паспортун сурагандарын уга элекмин.
Буга чейин мамлекеттик каттоо кызматы жарандын жеке маалыматтары анын биометрикалык паспортунун электрондук чибинде сактала турганын жарыялаган болчу. Ошол эле кезде бир катар коомчулук өкүлдөрү коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланган учурда банктар жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортту тааныбай койгонун жана анын жарактуулугу боюнча даттанган учурларды белгилешүүдө.
Жаңы паспорттун электрондук чибин окуган программа бардык эле банктар менен мамлекеттик уюмдарда жок экенин мамлекеттик каттоо кызматы моюндаган. Бул үчүн тиешелүү мекемелер электрондук базага кошулушу керектигин каттоо кызматынын мурунку төрагасы Эрлан Сапарбаев айтты.
-Баардык документтерди алганда жеңилдиктер болуусу керек. Ал эми биометрикалык паспорт анын биринчи кадамы. Анын жемишин президенттик шайлоодо көрдүк. Негизи бирдиктүү улуттук маалымат системасы болушу керек. Мамлекеттик каттоо кызматынын базасы эмес улуттук база башка мамлекеттик органдардын маалыматтары менен айкалышы керек. Ошондо гана башка документтерди алганда элге жеңилдиктер болот.
Сунушталган мыйзам долбоорун талкулоодо депутаттар Исхак Масалиев жана Иса Өмүркулов жарандардын биометрикалык маалыматтарын сактоонун коопсуздугуна байланыштуу суроолорду беришти.
Мындан сырткары, эл өкүлү Курманкул Зулушев мыйзам долбоорун Конституциялык палатанын өкүлдөрүнүн катышуусунда кайра кароону сунуш кылды.
-Мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин Конституциялык палата айтып жатат. Долбоорду аталган мекеменин өкүлдөрү жок кароого болбойт. Алар эмненин негизинде өзгөртүү киргизүү керек деп бүтүм чыгарганын билели.
Жыйынтыгында депутат Зулушевдин сунушунун негизинде мыйзам долбоору кайра каралмай болду.
Айта кетсек, жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорт эл аралык стандарттагы коргоо белгилеринен туруп, анын электрондук чибинде жарандын бармак изи, каттоосу, үй-бүлөлүк абалы, каалоосуна жараша улуту, пенсиялык жана медициналык китепчеси, айдоочулук күбөлүгү жана банк эсеби сыяктуу маалыматтар көрсөтүлөт. Бирок учурда алардын арасынан айдоочулук күбөлүк, банк эсеби, пенсиялык жана медициналык китепчелер тууралуу маалыматтар электрондук чипке киргизиле элек.