Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек биргелешкен ишканалары ачылат

Экономика | 13 Ноя 2018 | 1314 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунда кыргыз-өзбек биргелешкен ишканалары ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын Фергана облустарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана ишкерлеринин жолугушуусунда айтылды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган облус аймагындагы 30га жакын ишкер жана    Фергана облусунун аймактык соода палатасынын башчысы Отабек Атабаевдин жетекчилиги астында 23 ишкананын өкүлдөрү жолугушту. Анда Абиш Халмурзаев Баткен облусунун инвестициялык потенциалы жөнүндө конокторго кенири маалымат берип, биргелешкен ишканаларды ачуу менен социалдык экономикалык, соода байланышын чындоого мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

-Өзбекстан менен биргеликте малина боюнча цех ачабыз дешти. Аны менен катар, кыш чыгаруу боюнча да сүйлөшүүлөр болду. Андан сырткары биздеги койлордун жүнү б.а тыбытты кайра иштетип кийиз, килем чыгаруучу ишкананы биргеликте иштетүүнү  ойлоп жатабыз.

Фергана облусунун Инвестиция тартуу жана экспортко көмөктөшүү боюнча  соода өнөр-жай палатасынын башчысы Рустам Кадыровдун айтымында, бул жолугушуу эки өлкө үчүн да жемиштүү болуп, жакшы натыйжа берет. 

-Биз бүгүн Фергана облусунан 26 ишкер келдик. Делегациянын катарында үч багыт боюнча ишкананын жетекчилери бар. Алар  кирпич чыгаруучу, кумду иштетүү жана кездеме иштеп чыгаруу багыты боюнча. Бүгүнкү жолугушуу эки тараптын ишкерлери үчүн да пайдалуу болду. Мен ойлойм, бул жолугушуу жакшы натыйжасын берет. 

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ишкерлери малинанын мекени болгон Кадамжай районунда малинаны кайра иштетүүчү жана консервалоочу чакан ишкана ачуууга макулдашышты. Совет айыл аймагынын башчысы Галбу Осмонова үчүн да бүгүнкү жолугушуу жемиштүү болду.

-Биз азыр бул жерден биздеги бар кен байлыктарды иштетүү, кирпич чыгаруу боюнча өзүбүзгө бир өнөктөш таптык. Ошондой эле карагатты, ак козу карынды кайра иштетүү боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Эгер келишим түзүлүп ишкана ачылып калса, жумуш оруну түзүлүп, айыл аймактын бюджети көбөйүп, бир катар көйгөйлөр чечилмек. 

Бул жолугушуу эки өлкөнүн президенттеринин атайын пландалган иш планын негизинде өткөрүлдү. Эки тараптуу алаканы бекемдөө, достукту чындоо жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү максатында уюштурулган.

Мындай жолугушуулар алдыда дагы өткөрүлүүсү күтүлүүдө. Ал эми биргелешкен ишканалар керектүү болгон дакументтер даяр болгон сон,  2019-жылдан баштап пайдаланууга берилип, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштайт.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM