Биз менен байланышыңыз

Кайгуул милициясы кайрадан түзүлсө эмне өзгөрөт?

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 1236 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол коопсуздугун камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын ишин реформалоого даярдык көрүү тууралуу жыйын өткөрдү.

Президент тарабынан жактырылган стратегияны бекитүү жана аны ишке ашыруу боюнча пландар талкууланды. Анын натыйжасында, Бишкек шаардык Кайгуул милициясын түзүү каралууда.

Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев сунушталган чаралар тууралуу айтып беришти. Анда кадрдык курамдын жаңыртылышы, функционалдык милдеттенмелердин өзгөрүүсү, ачык сынак жыйынтыгы боюнча тандалып алынып, тийиштүү даярдыктан өткөрүлчү Кайгуул милиция кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулатылышы каралган.

Ошондой эле Кайгуул милициясынын түзүмдөрүн кызматтык унаа, кийим жана атайын техникалык каражаттар менен жабдуу үчүн каржылоо зарылдыгы айтылды.

Эске салсак, Кыргызстанда Патрулдук милиция кайрадан түзүлө турганы өткөн жумада белгилүү болгон. Бул боюнча эксперттик топ иштеп чыккан стратегияны президент Сооронбай Жээнбеков колдогон.

Copyright © 2017 Maral FM