Биз менен байланышыңыз

Лондондо мурдагы азербайжандык банкирдин аялы кепилдик менен бошотулду

Дүйнө | 11 Ноя 2018 | 674 | 0

Лондондо сот Азербайжан эл аралык банкынын мурдагы башчысынын аялы Замира Хажиеваны кепилдик менен бошотту. Ал Harrods соода борборунда 16 миллион фунтка соода кылганы, 20 миллион долларга кыймылсыз мүлк сатып алганы үчүн өткөн аптада кармалган.

Азербайжанда Гажиевдер уурулукка айыпталууда.

Учурда британ полициясы Хажиева короткон каражаттын кайдан келип чыкканын иликтөөдө. Ал акчага мыйзамсыз ээлик кылууга айыпталып жатат.

Гажиева 500 миң фунт кепилдик менен бошотулду, бирок ал күндө полициянын каттоосунан өтүп турушу керек. Талап боюнча Хажиева кечки саат тогуздан кийин үйүнөн чыга албайт жана Лондондон кете албайт.

Белгилей кетсек, Хажиева 55 жашта. 2016-жылы Бакуда сот анын күйөөсүн мамлекеттин акчасын уурдоого жана ыксыз коротууга айыптап, 15 жылга эркинен ажраткан. Тергөөнүн маалыматы боюнча Жахангир Хажиевдин мыйзамсыз аракеттеринен улам банктан он миллиондогон долларлар жоголгон. Ал айыптоолорду четке каккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM