Биз менен байланышыңыз

Израиль компаниясы Өзбекстанда тоок фермасын курат

Дүйнө | 11 Ноя 2018 | 546 | 0

Израилдин Levia Group компаниясы Өзбекстандын Анжиян облусуна жылына 14 миң тонна бройлер этин өндүрө ала турган тоок фабрикасын курат.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, ушул жылдын май айында Levia Group компаниясынын өкүлдөрү Анжиянга барып, фабрика курула турган жер боюнча жергиликтүү бийлик менен макулдашып кетишкен.

Мындан тышкары Levia Group компаниясы менен «Узбекозиковкатхолдинг» ишканасынын ортосунда эт багытындагы биргелешкен тоок фермасын түзүү тууралуу меморандумга кол коюлган. Анда курулуш иштеринин баасы 46 миллион долларга бааланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM