Биз менен байланышыңыз

Орусияда ири дүкөндө өрт чыкты

Кыска кабар | 10 Ноя 2018 | 748 | 0

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы «Лента» ири дүкөнүнөн өрт чыгып, учурда чектөөгө алынды. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы тууралуу кабар бүгүн, 10-ноябрда Москва убактысы боюнча эртең мененки саат 08:30дар чамасында келип түшкөн. Учурда өрт толугу менен чектөөгө алынды

Өрттүн кесепетинен дүкөндүн 4800 метр чарчы аянты күйүп, 1000ге жакын адамдар эвакуацияланган. Кырсыктын кесепетинен 1 адам жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча электр жабдыктарынын жарактан чыгышынан улам келип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM