Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев окумуштууларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 10 Ноя 2018 | 588 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окумуштууларды жана илимий мекемелердин кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчынын куттуктоосунда, «Кыйын мезгилдерде илимдин бардык тармактары фронтту жеңиш менен камсыздоо үчүн гана эмес, өз илимий кадрларынын кийинки муунун түзүүгө бардык күч-аракетин жумшаган. Мына ошол учурда түзүлгөн СССРдин Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалы кийин Улуттук илимдер академиясы болуп түзүлүп, биздин өлкөнүн башкы илимий борбору болуп калды. 

Учурда илим системасынын уюштурулушун реформалоо, илимий күчтөрдү жана каражаттарды бириктирүү, академиялык, жогорку окуу жайларында тармактык илимдерди интеграциялоо боюнча иштери биз үчүн актуалдуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн гүлдөп-өсүүсү илимдин өнүгүшү жана инновациялык технологиялардын киргизилиши менен байланыштуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүү үчүн талантуу окумуштуулар менен изилдөөчүлөрдүн жаңы муундарын даярдоого, дүйнөлүк жамаатта улуттук илимибиздин атаандаштыкка жарактуулугуна жетишүүгө багытталган натыйжалуу мамлекеттик жана илимий-техникалык саясатты жүргүзүүгө бекем ниеттенет«,-деп айтылат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM