Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык спортчу самбо боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи

Кыска кабар | 10 Ноя 2018 | 691 | 0

Кыргызстандык спортчу Дайырбек Карыяев Румыниянын Бухарест шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду багындырды.

Ал 74 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшкөн. Финалда украиналык Владислав Рудниевден утулуп калган. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынын сайтында кабарланды.

Ушул эле салмакта коло медалды россиялык Заур Азизов жана монголиялык Амартувшин Хухенху алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM