Эртең, 11-ноябрда синоптиктердин маалыматы боюнча, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Ошондой эле Ош, Жалал-Абад облустарынын көп бөлүктөрүндө, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жаашы күтүлөт.
Ош шаарында абанын түнкү температурасы 0…+2, күндүз +9…+11 градус болот. Бишкекте түнкүсүн 0…-2, күндүз +5…+7 градус.
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7. Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7.
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11 градуска жетет.
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9.