Биз менен байланышыңыз

Бүгүн жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү

Кыска кабар | 10 Ноя 2018 | 1764 | 0

Бүгүн, 10-ноябрда жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. 1945-жылы 29-октябрдан 10-ноябрга чейин Англиянын Лондон шаарында бүткүл дүйнөлүк жаштардын конференциясы өтүп, Демократиялык жаштардын дүйнөлүк федерациясы түзүлгөн. Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү ушул окуянын урматына белгиленип калган.

Ал эми демократиялык жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясын өткөрүү демилгесин Дүйнөлүк жаштар кеңеши көтөрүп чыккан. Аталган кеңеш Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда фашизм менен күрөшүү үчүн түптөлгөн. Конференциягаа 63 улуттан ар кайсы диндеги 30 миллиондон ашык жаштар катышкан.

Жаштар күнүн белгилөөгө Кыргызстанда 2002-жылы мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, 14-январда өкмөттүн токтому менен жаш муундун демократиялуу өлкөбүздө активдүү болуусун жана жаштар саясатын өнүктүрүү максатында 10-ноябрь өлкөдө да жаштар күнү катары белгиленген. Мыйзамга ылайык, өлкөнүн жаш курактагы жарандары катары 14 жаштан 28 жашка чейинкилер эсептелет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өлкөдөгү калктын 40 пайызы жаштар болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM