Биз менен байланышыңыз

Боронов Лондондо айлана чөйрөнү калыбына келтирүү боюнча жыйынга катышты

Кыска кабар | 10 Ноя 2018 | 471 | 0

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын катышуучу-өлкөлөрүнүн Үчүнчү Ассамблеясына жана Борбор Азиядагы айлана чөйрөнү калыбына келтирүү боюнча Фонддун донорлорунун конференциясына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өз сөзүндө Кубатбек Боронов Борбор Азиядагы уран калдыктары маселесин чечүүдө эл аралык тилектештикке, ошондой эле бул максаттарда түзүлгөн ЕРӨБ экологиялык реабилитациялоо боюнча Фондуна донордук жардам көрсөтүүгө чакырды. Ал конференциянын катышуучуларына радиоактивдүү калдык сактоочу жайлардын коопсуздугун камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Ал баса белгилегендей, ага байланыштуу калктын саламаттыгын камсыздоо, экологияны коргоо, аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү сыяктуу
маселелердин жалпы топтомун эске алуу менен макулдашылган мамиле зарыл.

Белгилей кетсек, эки эл аралык иш-чара Лондон шаарында  өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM