Биз менен байланышыңыз

Боксчу Феликс Савон камакка алынды

Кыска кабар | 10 Ноя 2018 | 520 | 0

Бокс боюнча Дүйнөнүн беш жолку, олимпиаданын үч жолку чемпиону, кубалык мушкер Феликс Савон жашы жете элек өспүрүмгө ыплас аракеттерди жасаган деп айыпталып камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 51 жаштагы мушкерге 12 жаштагы өспүрүм баланы зордуктоого аракет кылган деген айып тагылып, ушул жылдын сентябрь айында абакка отурган. Ал буга чейин дагы ушундай иш-аракеттерди жасагандыгы маалым болгон. Бирок Куба мамлекети белгилүү спортчунун имиджин сактап калуу үчүн буга чейинки күнөөлөрүн ачыкка чыгарбай, жашырып келген.

Учурда өлкө бийлиги мушкерди күнөөсүз деп табуу үчүн бул ишке аралашып жатканы жазылат маалыматта.

Феликс Савон 1992-жылы Барселонада, 1996-жылы Атлантта жана 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиада оюндарында жеңүүчү болгон. Мындан тышкары Дүйнө кубогунун 3 жолку, Олимпиада орденинин ээси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM