Биз менен байланышыңыз

Рамзан Кадыровдун инстаграмдагы аккаунту жабылды

Кыска кабар | 10 Ноя 2018 | 793 | 0

Инстаграмда  za_kadyrov_95 аккаунту жабылды. Бул аккаунтта Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун баракчасы жайгашкан. Ал эмне себептен блокко түшкөнү белгисиз.

Аталган аккаунт 2018-жылы июлда ачылган. Ал жабылганга чейин 1,3 миллион каттталуучусу болгон.

Буга чейин Кадыровдун Инстаграм жана Фейсбуктагы эски аккаунттары 2017-жылы 23-декабрда жабылган. Анын баракчасына 3 миллиондон ашуун колдонуучу катталган. Кадыров “Магнитский тизмесинин” алкагында АКШнын санкциясына илингени үчүн социалдык түйүндөрдөгү профилдери өчүрүлгөн.

Фейсбук өкүлүнүн айтымында, компания Кадыровдун аккаунтун жабууга милдеттүү болгон. Санкция режими боюнча америкалык компаниялар Кадыров менен иш алып барбашы керек.

Фейсбуктун аракеттерине каршылык көрсөтүп, Чеченстан парламентинин башчысы Магомед Даудов баштаган бардык депутаттар Инстаграмдан чыгып кетишкен.

Кадыров социалдык түйүндөрдө баракчалары жабылгандан кийин Чеченстанда Mylistory социалдык түйүнү ишке киргенин жана ал жакта өз аккаунттары пайда болгонун билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM