Биз менен байланышыңыз

Президент илим күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 10 Ноя 2018 | 564 | 0

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн окумуштууларын жана илим кызматкерлерин кесиптик майрамы — Илим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда, окумуштуулар жана илим кызматкерлерин майрамы менен куттуктап,  мамлекеттин  милдети — экономикалык жана коомдук өнүгүүнүн негизги шарты катары өлкөнүн илимий дараметин сактоо жана мындан ары карай өнүктүрүүсү белгиленген.

«Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү аркылуу гана биз эл аралык аренадагы атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Атамекендик илимий-инновациялык потенциал орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторун өнүктүрүүгө багытталышы керек. Бул үчүн илимий чөйрөнү башкаруу системасын, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, илимий-изилдөө институттарынын эскирген системасын алмаштыруу, илим менен өндүрүш ортосундагы байланышты чыңдоо, илимди максаттуу каржылоонун натыйжалуу системасын түзүү, келечектүү жаш окумуштууларды колдоо аркылуу жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо сыяктуу маанилүү маселелерди чечүү милдети турат«,-деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM