Биз менен байланышыңыз

Орусияда 21 жаштагы кыргызстандык жигиттин өлүмү боюнча териштирүү жүрүүдө

Кыска кабар | 10 Ноя 2018 | 527 | 0

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдары курулуштардын биринде адам өмүрүн алган кырсык боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу орусиялык ММКлар билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 7-ноябрда Сестрорецк шаарында Приморский жолундагы №352 үйдө болгон. Жумушчунун жансыз денесин 4-кабаттан табышкан. Каза болгон адам Кыргызстандан келген 21 жаштагы жигит экендиги белгилүү болгон.

Полиция кызматы каза болгон жаран курулуш иши жүрүп жаткан 11 кабаттуу үйдө колго жасалган курулуш жабдыгында турак жайдын маңдайын оңдоо иштерин жасап жаткандыгын жана ал тең салмактуулугун жоготуп, конструкциядан кулап калгандыгын аныкташкан. Аталган факт боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM