Биз менен байланышыңыз

Өзгөндө 14 жаштагы кыз дайынсыз болууда

Кыска кабар | 10 Ноя 2018 | 748 | 0

Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айылынын 14 жаштагы тургуну Санабарбү Токтосунова 3 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Санабарбү Токтосунова 6-ноябрь күнү эртең менен саат 10:00 чамасында үйүнөн Өзгөн шаарына баруу үчүн чыгып кеткен. Ал ошол бойдон кайрылып келген эмес.

Санабарбүнүн апасы Жумагүл Акматова кызын издеп 9-ноябрь күнү Өзгөн РИИБге кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM