Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 25 жаштагы жаран кан тамырын кесип салды

Кыска кабар | 10 Ноя 2018 | 573 | 0

Бишкекте супермаркеттердин биринде 25 жаштагы жаран өз кан тамырын кесип алды. Бул тууралуу  Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 9-ноябрда, саат 8:00 чамасында болгон. Соода жайына кирген жаран ал жактан лезвия сатып алып, өз кан тамырын кесип салган. Дүкөндүн кызматкерлери ага биринчи жардам көрсөткөн соң, «Тез жардам» чакырып, милицияга кабар беришкен.

Өз өмүрүнө кол салган жаран, 25 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну экени белгилүү болду. Ал мас абалында болгон. Учурда ооруканада дарыланып жатат. Эмне себептен мындай кадамга баргандыгы териштирүү иштери бүткөндөн кийин белгилүү болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM