Биз менен байланышыңыз

Патрулдук милиция «Коопсуз шаардын» колдоочусу болот

Коом | 9 Ноя 2018 | 965 | 0

Жаңы түзүлө турган Патрулдук милиция «Коопсуз шаар» долбооруна альтернатива боло алат. Бул тууралуу мурунку ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин патрулдук милицияны «Коопсуз шаар» долбоорун киргизүү үчүн түзүлгөн болчу. Шаарда видео көзөмөл камералар коюлгандан кийин сөзсүз патрулдук милиция иштөөсү керек.

-Патрулдук милиция бир эле жол кырсыктарын эмес көчөдөгү кылмыштарды өз убагында кармайт. Шаарда жол кырсыгы болобу же кылмыш катталабы, ал жерге экипаждар убагында келип кала алат. Буга чейин патрулдук милиция ишке киргенде аябай көп кылмыштардын бети ачылган. Жакшы эле иштеп жаткан. Каражат бөлүнбөй калып, кайра жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы болуп түзүлүп, коррупция тыйылбай, жол кырсыгы деле азайган жок.

Белгилүү болгондой, Патрулдук милиция кайрадан түзүлө турган болду. Бул президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарынын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топ менен жолугушууда белгилүү болгон. Эми кайрадан Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, кайрадан патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт.

Серепчилер жаңы кызматты түзүүнү өкмөттүн “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра албай жаткандыктан, айла жоктон барган кадамы деп эсептешет.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов Патрулдук милиция «Коопсуз шаар» долбооруна альтернатива эмес бири-бирин толуктай турганын кабарлады.

-Эки долбоор бири-бирине эч качан альтернатива боло албайт. Ар бир долбоорду ишке ашыруунун артында материалдык-техникалык базаларды чыңдоо маселеси каралашы керек. Мурда түзүлгөн патрулдук милицияга бөлүнүп бериле турган каражат бюджеттен берилген эмес. Азыркы түзүлө турган патрулдук милициянын баардык материалдык-техникалык базаларын карап, каражаттын тиешелүү кызматкерлер эсептеп берет. Демилгени президент да колдоп жатат. Демек каражат бөлүнүп, ишке ашырылат деген үмүттөбүз.

Ал эми ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Шамшыбек Мамыровдун пикиринде, патрулдук милиция “Коопсуз шаар” менен бирге кете турган иш. Ал жолдордогу коопсуздукка гана эмес, жалпысынан бекитилген участкалардагы коомдук коопсуздукка жооп берерин кошумчалады.

Бул жерде маселе жок. Мурунку эле кызмат кайра келет. Башкача айтканда, Жол коопсуздугун камсыздоочу башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт. Патрулдук милиционерлер аларга бекитилген участканы толугу менен көзөмөлдөп, мыйзам бузууларды аныктап, алдын ала чараларды көрүп, дайыма кыймылда болушат. Эң башкысы, патрулдук милиция жарандар менен байланышта болуп, аларга жардам берген социалдык-сервистик кызматка айланат.

Эске салсак, Кыргызстанда реформанын алкагында укук коргоо тармагындагы бир катар мекемелердин аталышы буга чейин да өзгөртүлгөн. 2016-жылдын 1-апрелинде Ички иштер министрлигинин алдындагы МАИ жана Жол кайгуул кызматтары бириктирилип, Патрулдук милиция башкармалыгы ишке киришкен. Арадан бир жарым жыл узабай, өкмөттүн токтому менен аталган мекеме жоюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы болуп кайра түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM