Биз менен байланышыңыз

Айтматовго арналган айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 1125 | 0

Таласта жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Республикалык «Айтыш» коомдук фондунун жетекчиси Асылбек Маратов «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, баш байгени акын Амантай Кутманалиев алды, биринчи орунга Баян Акматов ээ болду. Экинчи орун Абдылда Нуралиев менен Асылбек Маратовго берилди. Ал эми үчүнчү орунга Кадырбек Бейшенов жана Жылдызбек Төрөканов ээ болду.

Калган катышуучулар кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

Айта кетсек, айтыштын байге фондуна 1 млн сом коюлган. Баш байге үчүн 200 миң сом берилди, биринчи орунга 150 миң сом, экинчи орун 80 миң сом, үчүнчүгө 50 миң сом ыйгарылды.

Айтыш облустук драма театрында өтүп, ага он алты акын катышты. Ага Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков баштаган эл өкүлдөрү да күбө болду.

Copyright © 2017 Maral FM