Биз менен байланышыңыз

Талас: Кылмыштардын бирдиктүү реестрин киргизүү даярдыгы текшерилди

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 629 | 0

Талас облусунун Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана кылмыштар менен жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүүгө даярдыгы текшерилди. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков катышты.

Ал Талас облустук ИИБ, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн, облус боюнча ЭККМК башкармалыгынын, ошондой эле Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн ишин текшерди.

Анда ал жергиликтүү укук коргоо органдарынын аймактык түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине кылмыштардын бирдиктүү реестрин киргизүүнү өз убагында ишке ашырууну тапшырды.

Эске салсак, буга чейин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри быйыл декабрь айында тесттик режимде иштеп баштай турганы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM