Биз менен байланышыңыз

Таласта акындар айтышы башталды

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 797 | 0

Талас шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган республикалык акындар айтышы башталды. Айтыш Капар Медетбеков атындагы драма театрында өтүүдө.

Анын ачылышында «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз сөз сүйлөп, Айтматовдун мааракеси Таласта, Кыргызстанда же түрк тилдүү мамлекеттерде эле эмес, дүйнөдө белгиленип жатканын айтты.

Белгилей кетсек, акындар айтышына жалпысынан 16 төкмө катышууда. Айтышка чыккан акындардын жамагында Айтматов кыргыз атын дүйнөгө тааныткандыгы, ал калтырган мурас чыгармалары, андагы каармандар, баалуулуктар тууралуу айтылууда.

Чыңгыз Айтматовго арналган иш-чараларга жазуучунун карындашы Роза Айтматова, уулу Эльдар Айтматов, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев жана парламенттин депутаттары бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM