Биз менен байланышыңыз

Осмонов: Репрессияга кабылгандардын саны 20 миңден көп

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Ноя 2018 | 1488 | 0

Репрессия дегенде 1937-38-жылдардагы атуулар тууралуу айтабыз. Бирок массалык репрессия 1930-жылдардан, керек болсо СССР орногон мезгилден тарта эле башталган. Анткени 1917-жылы Улуу Октябрь социалисттик революциясы жеңгенден кийин тап күрөшү өтө курч абалда өткөн. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, репрессия маселеси дагы эле изилденүүгө муктаж. Себеби жылдан-жылга жаңы ысымдар аталып, алардын Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө, кыргыз элинин маданиятын көтөрүүгө кошкон салымдары улам ачылып жатат.

Расмий маалымат катары репрессияга кабылгандардын саны 20 миңдей деп айтылып жүрөт. Бирок Осмонов тарыхый изидөөлөр боюнча репрессиянын курмандыктарынын саны эки эсеге көп экенин белгилейт.

-Айрым маалыматтарда репрессияда 138 көрүнүктүү ишмерлер атылганы айтылат. Бирок алардын ичинде онго жакыны көрүнүктүү ишмер болсо, калганы жөнөкөй эле адам болгон. Алсак, атылгандардын арасында чачтарачтар, өтүкчүлөр да болгон. Ошондуктан репрессиянын курандыктарынын баары КРдин мамлекеттик, коомдук ишмери болгон дегенден алыс болушубуз керек.

Осмонов белгилегендей, Совет бийлиги орногон убакта социалдык катмарлар дагы өтө татаал болгон. Ошондой кырдаалда бир жагынан большевиктер партиясы тоталитардык режимди орнотууга аргасыз калган. Ошого байланыштуу Совет бийлиги орногон мезгилден тарта пролетариат диктатурасын чыңдаш үчүн бекем тартип орнотулган. Бул өзгөчө Сталин бийликте турган убакта  өтө күчөп кеткен.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 1920-30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери,  кыргыз адабияты менен искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөру репрессиянын курмандыгы болгон.

Ал эми өлкөдө мурдагы бийликтин тушунда Октябрь революциясынын жеңиш күнү катары майрамдалып келген 7-8-ноябрь күндөрү «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү» деп жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM